Эртең, 2-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37;
Талас жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35;
Баткен облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37;
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +33…+38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +33…+35 градус болот.