Эртең, 2-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаайт, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жамгыр карга өтөт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жана бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
-
Чүй облусу:
түнкүсүн +1…+6°
Күндүз +10…+15° -
Талас облусу:
түнкүсүн +1…+6°
күндүз +10…+15° -
Баткен облусу:
түнкүсүн +8…+13°,
күндүз +11…+16° -
Ош, Жалал-Абад облустары:
түнкүсүн +8…+13°,
күндүз +11…+16° -
Ысык-Көл облусу:
түнкүсүн +1…+6°
күндүз +10…+15° -
Нарын облусу:
түнкүсүн +1…+6°
күндүз +10…+15°
Бишкек шаарында түнкүсүн жамгыр жаап, карга айланат. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5°, күндүз +13…+15°.











