Эртең, 2-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30;
Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +23…+28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +24…+29;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +10…+12°, күндүзгү жогорку температурасы +27…+29° жылуу болот.











