Эртең, 20-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт.
Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21;
Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4°, күндүз +18…+20° болот.