20-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -2 градуска чейин, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -3 градуска чейин түшүп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
ӨКМ мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунуч жаратарын эскертти.