Узап бараткан жылы Тышкы иштер министрлиги дүйнөдөгү болуп жаткан геосаясаттагы конфликттерге жана кризистерге карабай өзүнүн көп векторлуу саясатын жүргүздү. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.
Ал өтүп бараткан жылдагы Тышкы иштер министрлигинин аткарган иштерин айтып, айрымдарына токтолду: «2024-жылы — Бишкекте Түрк Мамлекеттер Шериктештиги саммити өткөрүлдү; 552 эл аралык келишимге кол коюлду; 3,76 миллиард доллар инвестиция жана 938 миллион доллар экспорт келишимдерине кол коюлду; 850 миңден ашык консулдук кызмат көрсөтүлдү; Сириядан жарандар кайтарылды; консулдук кызматтар санариптештирилди; 305 миңден ашык виза берилди: 6 мамлекет менен визасыз режим түзүлдү», — деди министр.