Энергетика министрлигинин 2024-жылы аткарган иштери, жетишкендиктери тууралуу министр Таалайбек Ибраев маалымат берди.
«2025-жылы — кылымдын долбоору, эң чоң мега проектибиз Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу ишке аша баштайт. Үстүбүздөгү жылы ага даярдыктар көрүлдү. Айтсак, көпүрө, тунел, жол салынды жана электр энергиясы менен камсыз кылынды», — деди министр.
Ал эми быйылкы жылы Токтогул ГЭСинин 3-агрегатын жана Үч-Коргон ГЭСинин 1-агрегатын ишке киргизилгенин айткан Ибраев, Орто-Токой, Папан, Бала-Саруу чакан ГЭСтери ишке берилгенин белгиледи.
Андан сырткары министр CASA-1000 долбоору боюнча курулуш аяктаганын кошумчалады.
«Быйыл эки көмүр кени иштетүүгө киргизилди, 4 айыл газдаштырылды, мунайды кайра иштетүүчү завод 95%га бүтүп калды. Дагы бир жетишкендигибиз Баткендеги алыскы Зардалы айылына электр берилгени болду», — деди эгергетика министри.
Маалыматка ылайык, министрлик 134 атайын техника алып, 9 административдик имарат курган.