2025-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 430,2 миллиард сомду, ал эми чыгашасы 405,9 миллиард түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда Финансы министрлиги билдирди.
Ал эми 2024-жылга бекитилген республикалык бюджеттин кирешеси 378,4 млрд сомду түзгөн.
2025-жылдагы бюджеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары төмөнкүлөр:
Жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу. Саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спортту колдоого багытталган социалдык программалар каржылана берет. Мамлекеттик ипотеканын алкагында жарандарды турак жай менен камсыз кылууга көңүл бурулат.
Инфраструктураны жакшыртууга жана улуттук долбоорлорду ишке ашырууга олуттуу каражат каралды, бул өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө түрткү берет.
Улуттук коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууда коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо жана коомдук тартипти камсыздоо иштери улантылат.












