Ушул жылы Кыргызстанда 128 объект курулат. Ишке ашырыла тургандардын тизмесине өнөр жай, айыл чарба, энергетика, тоо-кен, фармацевтикалык маанидеги объекттер кирген. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында белгилүү болду.
Ар бир объектиге тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөл жүргүзүлүп, долбоордун ишке ашырылышына натыйжалуу мониторинг жана координациялоо камсыз кылынат.
Ошондой эле, Министрлер кабинети ишкер аялдардын финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган документти кабыл алды. Бул демилге Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен “Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылат. Долбоорду ишке ашыруу аялдардын ишкердигин колдоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө түрткү берет жана Кыргызстандагы аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.