Эртең, 21-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жаан жаашы күтүлөт.
Аба ырайынын температурасы:
-
Чүй облусу түнкүсүн: +14…+19°C, күндүз: +30…+35°C
-
Талас облусу түнкүсүн: +8…+13°C, күндүз: +26…+31°C
-
Баткен облусу түнкүсүн: +16…+21°C, күндүз: +30…+35°C
-
Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн: +16…+21°C, күндүз: +30…+35°C
-
Ысык-Көл облусу түнкүсүн: +9…+14°C, күндүз: +20…+25°C
-
Нарын облусу түнкүсүн: +6…+11°C, күндүз: +23…+28°C
-
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн: +17…+19°C, күндүз: +31…+33°C.






