21-ноябрга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, жаан жаайт, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Жолдор тоңголок болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +4…+9,
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5.
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +6…+8 градус жылуу болот.