Эртең, 22-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын, тоолуу региондорунда кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20;
Талас жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17;
Нарын дубанында түнкүсүн +1…+6; күндүз +8…+16.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +18…+20 градус болот.