Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторду «Ала-Тоо» аянтында Ата Мекенди коргоочулардын күнүн майрамдоого чакырат. 22-февралда саат 17:00дө кыргыз жана орус эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт өтөт.
Концерттик программада: Филипп Киркоров, Zivert, Tasso, Мирбек Атабеков, Николай Басков, Слава, Стас Михайлов, Жылдыз Осмоналиева, Омар, Гүлзада Рыскулова, Игорь Воронцов жана Аксай катышат. Концертке кирүү акысыз.
Иш-чаранын алкагында 10 даана CHANGAN үлгүсүндөгү автоунаа, 10 даана iPhone 17 Pro смартфону жана 10 даана iPad планшети ойнотулат. Лотереяга каттоо иш-чаранын жүрүшүндө жүргүзүлөт.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган майрамдык концертке чакырат!













