Кыргызгидромет маалымдагандай, түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Аба ырайынын температурасы:
-
Чүй облусу түнкүсүн +9…+14°, күндүз +23…+28°;
-
Талас облусу түнкүсүн +7…+12°, күндүз +20…+25°;
-
Баткен облусу түнкүсүн +11…+16°, күндүз +25…+30°;
-
Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +11…+16°, күндүз +25…+30°;
-
Ысык-Көл облусу түнкүсүн +6…+11°, күндүз +18…+23°;
-
Нарын облусу түнкүсүн +3…+8°, күндүз +19…+24°.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +12…+14°, максималдуу температурасы күндүз +25…+27°.











