23-июлга караган түнү өлкөнүн аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +34…+39
Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +32…+37
Баткенде түнкүсүн +22…+27, күндүз +34…+39
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +22…+27, күндүз +31…+39
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35
Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +29…+34
Бишкекте түнкүсүн +19…+21, күндүз +36…+38 градус болот.








