Ал үчүн 2000 доллар (алдын ала төлөм) жана кайтарымсыз 1200 сом Элдик банкка төлөнөт.
Каттоо ID-карта паспорттун негизинде жүргүзүлүп, талапкерлер 2-октябрга чейин керектүү документтерди облустук жана шаардык казыяттарга тапшырышы зарыл. Ажылыкка барчулардан медициналык маалым кат, сүрөттөр, паспорттор жана аялдар үчүн махрамдын болушу (эркек коштоочусу) талап кылынат. Квота толгондон кийин каттоо токтотулат.











