24-25-августта Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«24-августтан 25-августка чейин Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн»,— деп айтылат маалыматта.