Узакка созулган аномалдуу жылуу жана кургак аба ырайынан кийин 24-26-мартта аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, абанын температурасы төмөндөйт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Мындай аба ырайы жолдордун абалын начарлатат, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.