23-июлга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +31…+36
Баткенде түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+32
Нарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32
Бишкекте түнкүсүн +21…+23, күндүз +35…+37 градус болот.








