Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 24-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +8…+13;
Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +11…+16;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12;
Бишкекте түнкүсүн жаан, күндүз түшкө чейин жаан жаайт. Абанын температурасы +5…+7°, күндүз +9…+11° болот.