25-июлга караган түнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35
Баткенде түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32
Нарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32
Бишкекте түнкүсүн +20…+22, күндүз +36…+38 градус болот.