Жума, 17.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

25-ноябрь күнү Бишкекте Элдик курултай өтөт. Жарлыкка кол коюлду

11:29 16.08.2022
0
25-ноябрь күнү Бишкекте Элдик курултай өтөт. Жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын жарандары коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өз өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу. Жарандар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча, башка маанилүү маселелер боюнча кыргыздардын тарыхый салты болуп саналган курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Элдик Курултай – коомдук-өкүлчүлүктүү, кеңеш берүүчү, байкоочу чогулуш, ал коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет.

Кыргыз Республикасында улуттар аралык ынтымакты андан ары бекемдөө, жарандык коомду бириктирүү жана социалдык мобилизациялоого көмөктөшүү максатында, ошондой эле өлкө жаңы глобалдык жана региондук чакырыктардын жана көйгөйлөрдүн босогосунда тургандыгын, аларды чечүү өз өкүлдөрү аркылуу бардык жергиликтүү жамааттардын катышуусун талап кылгандыгын эске алуу менен, кыргыз мамлекетин жана коомду туруктуу өнүктүрүү, этностор аралык жана диндер аралык макулдашууга жетишүү жана анын өлкөнү башкарууга катышуусу үчүн Кыргызстан элин түзгөн бардык улуттарды жана этносторду бириктирүү максатында жалпы улуттук диалогду камсыз кылуу зарылдыгы бышып жетилгендигин моюнга алуу менен, ата-бабабыздын наркын, салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып, биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта табият менен таттуу мамиледе жашоону улап, мамлекеттин ички жана тышкы саясаты маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууда жарандык консолидацияны жана кызыкчылыктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн балансын камсыз кылууга арналган, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинде каралган Элдик курултайды түзүү зарылдыгын эске алуу менен, Элдик курултайдын статусун мыйзам менен жөнгө салууга чейин “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 61-беренесин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4, 7, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып токтом кылынат:

  1. 2022-жылдын 25-ноябрында жума күнү Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында биринчи Элдик Курултай чакырылсын.
  2. Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин (мындан ары – Уюштуруу комитети) курамы жана Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобо ушул Жарлыктын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
  3. Уюштуруу комитети:

–       административдик-аймактык бирдиктерден (айыл аймактарынан жана шаарлардан), эмгек мигранттарынан, конфессиялык коомчулуктардан Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзсүн;

– биринчи Элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча башка зарыл чараларды көрсүн;

– Элдик курултайдын регламентинин долбоорун андан кийин Элдик Курултайдын бекитүүсүнө киргизүү менен иштеп чыксын.

— Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жана Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармасы Элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан финансылык жана башка уюштуруу-техникалык маселелерди Министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунун жана Кыргыз Республикасынын президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен чечсин.

— Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте биринчи Элдик курултайды даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу комитетине көмөк көрсөтсүн.

— Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жергиликтүү курултайларда Элдик курултайдын делегаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

Бул жарлык менен биринчи Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы бекитилди:

Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Абдразаков Бейшенбек Токтобаевич – «Элдик курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Абыкеев Чолпонбек – Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси, «Элдик курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси;

Бөрүбашов Бекбосун Ишенбекович – Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси, 2020-жылдагы Конституциялык кеңешменин төрагасы;

Айтиев Замирбек Каримович – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин катчысы;

Алымбаев Абдрахман (Байас Турал) – «Элдик курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Арабаев Чолпонкул Исаевич – «Элдик курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Дүйшеев Кубанычбек Турдумамбетович – «Элдик курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Кошалиев Кадырали Амиракулович – «Элдик курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Райымкулов Билим Сардалбекович – Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Жунушалиев Айбек Жанышбекович – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Укушов Мурат Каниметович – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;

Кожоев Мирбек Кокулбаевич – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

Туманбаев Каныбек Тургунбекович – Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкаруучусу;

Алимбаев Абдикарим Карбекович – Кыргыз Республикасынын президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Алымбаев Нурил Жайылбекович – Кыргыз Республикасынын президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Жамалдинов Зиядин Исламович – Кыргыз Республикасынын президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Нарбеков Бакытбек Наркулович – Кыргыз Республикасынын президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Сыргабаев Абсаттар Токтогулович – Кыргыз Республикасынын президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Сулайманов Алтынбек Турдубаевич – Кыргыз Республикасынын президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Эргешов Алтынбек Калдарович – Кыргыз Республикасынын президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович – Бишкек шаарынын мэри;

Мамбетов Алмаз Ишенбекович – Ош шаарынын мэри.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:16 17.04.2026
0

Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:49 16.04.2026
0

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:40 16.04.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте...

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:52 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:04 15.04.2026
0

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

09:40 17.04.2026
Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

10:21 17.04.2026
91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

10:46 17.04.2026
Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

16:38 17.04.2026
Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

11:40 17.04.2026
УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

11:24 17.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү