Эртең, 25-январда өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашуу, капчыгайларда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болот.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Чүй облусунун чыгыш тарабында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-11, күндүз +5…+10,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз +4…+9,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6,
Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндуз -2…-7.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз +4…+6 суук болот.