Бишкек шаарынын мэриясы 26-27-апрелде Бишкек шаарынын 147 жылдыгына карата иммерсивдик иш-чара өткөрүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бул күндөрү «Ала-Тоо» аянтында саат 13:00дөн 22:00гө чейин салттуулук менен заманбап технологияларды айкалыштырган спектаклдер жана оюн-зоок көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдү күнү бою кубанткан жаштардын флешмобдору өтүп, шаар тургундарын кызыктуу саякатка алып барат.
Ошондой эле, жандуу үн менен коштолгон концерт, көз жоосун алган бий, виртуалдуу технологияларды колдонгон стенддер жана интерактивдүү оюндар шаар тургундарына майрамдык шаң тартуулайт.
Иш-чарада өзгөчө добуштар менен коштолгон 3D мэппинг шоу келген конокторго унутулгус таасир калтырат.