Эртең жана бүрсүгүнү Чүй жана Талас облустарынын айрым жерлеринде үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Түнкүсүн жана эртең менен -2 градуска чейин суук болушу ыктымал. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.