Кыргызгидромет маалымат таратып, 26-28-февралда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүп жатканын билдирди.
Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.
Кээ бир аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.









