26-28-март күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. ӨКМ арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштайт.