Эртең, 26-апрелде Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын болушу мүмкүн. Калган аймакта күн ачык болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29;
Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;
Нарын дубанында түнкүсүн +1…+6; күндүз +14…+19;
Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +10…+12, күндүз +26…+28 градус болот.