26-июлга караган түнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28
Баткенде түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39
Нарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33
Бишкекте түнкүсүн +21…+22, күндүз +36…+38 градус болот.








