Эртең, 26-мартка караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13;
Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын түнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү температурасы +12…+14° болот.