Эртең, 27-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаайт, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…+5
Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…+6
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +2…+7
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы +2…+4° болот.