28-30-апрелде Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
Иш учурунда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылат. Иштер саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жол тазаланган учурда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.