28-29-март күндөрү Кыргызстанда аба ырайы туруксуз болот. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан жаап, карга айланат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +3…+8;
Талас жергесинде түнкүсүн -1…-3, күндүз +1…+6;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, кечке жуук карга айланат. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3°, күндүз +5…+7° болот.