Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Талас, Жалал-Абад облустарынын айдоо аймактарында, ошондой эле Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Аба ырайынын температурасы:
-
Чүй облусу түнкүсүн +8…+13°, күндүз +24…+29°
-
Талас облусу түнкүсүн +4…+9°, күндүз +22…+27°
-
Баткен облусу түнкүсүн +12…+17°, күндүз +25…+30°
-
Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +12…+17°, күндүз +25…+30°
-
Ысык-Көл облусу түнкүсүн +6…+11°, күндүз +18…+23°
-
Нарын облусу түнкүсүн +1…+6°, күндүз +18…+23°
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү минималдуу температура +11…+13°, күндүз максималдуу температура +26…+28°.






