Эртең, 3-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде жамгыр жаайт, тоолуу райондордо кар күтүлөт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот.
Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир жерлеринде жамгыр жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жаан-чачын катуу болот. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы
- Чүй облусу
түнкүсүн: +1…+6°С
күндүз: +13…+18°С - Талас облусу
түнкүсүн: +1…+6°С
күндүз: +11…+16°С - Баткен облусу
түнкүсүн: +9…+14°С
күндүз: +18…+23°С - Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн: +9…+14°С
күндүз: +18…+23°С - Ысык-Көл облусу
түнкүсүн: +2…+7°С
күндүз: +12…+17°С - Нарын облусу
түнкүсүн: +1…+6°С
күндүз: +12…+17°С
Бишкекте түнкүсүн жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн: +2…+4°С, күндүз: +14…+16°С.











