Эртең, 30-ноябрда түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1… + 6, күндүз +4 … +9,
Талас облусу түнкүсүн -11…+4, күндүз + 3…8,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0 … + 5, күндүз +6 … +11,
Ысык-Көл облусу түнкүсүн 0…-5, күндүз +4 … +9,
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0 … +5.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +5…+7 градус болот.