Эртең, 31-декабрга караган түнү Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн.
Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6,
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6.
Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы 0…+2, күндүз +4…+6 градус болот.