Президент Садыр Жапаровдун эвакуациялык каттамдарды уюштуруу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчилиги тарабынан тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Flynas авиакомпаниясы менен 4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдарды кайра жандандыруу боюнча макулдашуу жетишилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Каттамдар жумасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Ошондой эле Жидда – Бишкек багыты боюнча аба каттамдарын жумасына үч жолу кайра жандандыруу боюнча иштер улантылууда.












