Президент Садыр Жапаров кечээ, 15-ноябрда Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кара-Суу районундагы “Евро Азия Групп” индустриалдык-логистикалык борборун ишке киргизүү аземине катышты.
Жалпы суммасы 40 миллион долларды түзгөн долбоор жеке инвестициялардын жана фонддор менен банктардын колдоосунун негизинде ишке ашырылды. Борбор тигүү буюмдарын чыгарууга адистешкен жана долбоордук кубаттуулугу жылына 1 миллион бирдикти түзөт. Муну менен 600 жаңы жумуш орундары түзүлөт. Садыр Жапаров өндүрүш менен таанышып, индустриалдык-логистикалык комплекстин ачылышы региондун өнөр жайын жана инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөөрүн белгиледи.
Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам берүү тууралуу тескемеге кол койду. Документке ылайык, Улуу...
Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...
Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте...
Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...