41 миллион долларга фармацевтика комплекси курулат. Министрлер кабинети макулдашууга кол койду. Бул тууралуу кечээ, 30-декабрда Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында белгилүү болду.
Кыргыз өкмөтү менен «Стандарт Фарм Групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы фармацевтикалык каражаттарды таңгактоо жана фармацевтика комплексин куруу боюнча инвестициялык макулдашууну Министрлер кабинети жактырды.
Инвестициялык долбоор 5 жылдын ичинде эки этап менен ишке ашырылат. Эки этапта инвестициянын жалпы болжолдуу көлөмү 41 миллион 200 миң АКШ долларын түзөт.
Жыйында Министрлер кабинетинин мүчөлөрү өнөр жай, тоо-кен, курулуш жана жерлерди трансформациялоо тармактарына тиешелүү 10дон ашык маселени карашты.









