5-7-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. «Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу арыктарды тазалоо, жээктерин бекемдөө жумушу жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан да жүргүзүлүшү зарыл»,- деп айтылат маалыматта.