Эртең, 5-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +17…+22;
Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19;
Нарын дубанында түнкүсүн -1…+4; күндүз +14…+19;
Бишкекте түнкүсүн +12…+14°, күндүз +20…+22 градус болот.