Abank_oct
SerepTV Logo

5-октябрда Бишкектеги билим берүү жана мамлекеттик мекемелер онлайн форматка өтөт

5-октябрда Бишкектеги билим берүү жана мамлекеттик мекемелер онлайн форматка өтөт

5-октябрда Бишкек шаарында 65 миңге чейин көрүүчү катыша турган жаңы «Бишкек Арена» стадионунун ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ири масштабдагы иш-чаранын өткөрүлүшүнө байланыштуу шаарда транспорт агымынын көбөйүшү жана жол тыгындарынын жаралышы күтүлүүдө. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мүмкүн болуучу ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында, Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 5-октябрда Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, министрликтердин, ведомстволордун, бюджеттик уюмдардын, ошондой эле билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү онлайн форматка өткөрүлөт. Кабыл алынган чаралар иш-чара өтүп жаткан күнү шаардагы транспорттук жүктөмдү азайтууга, ошондой эле мекемелердин үзгүлтүксүз иштешин жана окуу процессинин камсыз кылууга багытталган.

SEREP MEDIA