«Яндекс» такси боюнча соцтармакта эл нааразы болуп жатат». Бул тууралуу депутат Таалайбек Сарыбашов жыйында айтты.
«Шаардын борборунан кичи райондорго баруу үчүн 500-700 сом. Мен таксисттердин акчасын арзандаталы дегенден алысмын. Алар май куят, дөңгөлөк алат, унаасын оңдойт дегендей. Кеп башка жакта болуп жатат. «Яндекс» 20 пайызын алат экен. 500 сомго жеткирсе, 100 сом алат экен. Ушуну карап чыгышыбыз керек. Ай сайын, бир жылда канча салык төлөйт? Ушуну карап, тактап, кат жүзүндө берип койгулачы», — деди ал.