6-мартта түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз +12…+17
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз +8…+13
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында -2…+3, күндүз +12…+17
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз +1…+6
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз +15…+17° жылуу болот.












