Улуттук илимдер академиясынын башкы имараты 60 жыл мурда курулуп, ошол убактан бери бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев айтты. Бүгүн, 17-декабрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Улуттук илимдер академиясынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн имаратын көрүүгө барды.
Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев академиянын жаңыланган имараты менен тааныштырды.
“Мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен бюджеттен акча бөлүнүп, башкы имараттын капиталдык ремонт иштери аяктап калды. Көптөгөн көйгөйлөр бар болчу, азыр анын баары чечилди. Академияда жакшы мүмкүнчүлүктөр пайда болду”, — деди Чолпонкул Арабаев.