7-июлдан 25-июлга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 94-104-чакырымдар аралыгында жолдун бетин бодурлоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Жумуштар дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин жолдун бир тарабында аткарылып, ал эми жума (түштөн кийин), ишемби жана жекшемби күндөрү жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү, унаа каттамын жеңилдетүү максатында жол толук ачылып турат.
Ушундай эле иштер Бишкек-Ош жолунун 80-130-чакырымдар аралыгындагы айрым тилкелерде да жүрүүдө.












