«75 кишинин каты»: Сот бийликти басып алуу иши боюнча айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, аларга 3 жылдык пробация колдонду
Кечээ, 2-июлда Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров «75 кишинин каты» деп атыккан иш боюнча өкүм чыгарды.
Сот бардык айыпталуучуларды «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча актады. Ал эми «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча төмөнкүдөй өкүмдөр чыгарылды:
- Камчыбек Ташиев — 4 жылга эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо жана пробация колдонуу менен;
- Курманкул Зулушев — 4 жылга эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо жана пробация колдонуу менен;
- Нурланбек Тургунбек уулу — 4 жылга эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо жана пробация колдонуу менен;
- Курсан Асанов — 4 жылга эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо жана пробация колдонуу менен;
- Аалы Карашев — 4 жылга эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо жана пробация колдонуу менен;
- Эмилбек Узакбаев — 4 жылга эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо жана пробация колдонуу менен;
- Бекболот Талгарбеков — 4 жылга эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо жана пробация колдонуу менен;
- Курманбек Дыйканбаев — 4 жылга эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо жана пробация колдонуу менен.
Жыйынтыгында, бардык айыпталуучуларга карата 3 жылдык пробациялык көзөмөл колдонулду. Камакта болгон 5 айыпталуучуну сот бошотуп, аларга карата бөгөт чарасын өзгөртүп, өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат менен калтырды.