Эртең, 8-апрелде түнкүсүн Алай өрөөнүнүн чыгыш тарабында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Күндүз Баткен, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо карга айланат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндуз +21…+26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14°, күндүз +24…+26° жылыйт.