8-майда Бишкектин башкы аянтында өтө турган 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парадга кызуу даярдыктар башталганын Коргоо министрлиги маалымдады.
Парадга Кыргызстандын дээрлик бардык күч түзүмдөрүнүн аскердик техникалары, ошондой эле Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жана Орусиянын (Кант) авиабазасынын авиациялык жана абадан коргонуу каражаттары тартылат.
«Жарандарды көрсөтүлгөн мөөнөттө аскердик техниканын кыймылына жана учактардын учууларына түшүнүү менен мамиле кылуусун суранабыз»,- деп айтылат маалыматта.